• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Папан суу сактагычына чөгүп кеткен жаш жигиттин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 23.05.20./Кабар/. Папан суу сактагычына чөгүп кеткен жаш жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 22-май күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычына 1998-жылы туулган эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине КР ӨКМдин куткаруучулар тартылып, издөө иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада бүгүн, 23-майда таңкы саат 7:30дар чамасында маркумдун сөөгү куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий