• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Республика аймагында дезинфекциялоо иштери улантылууда

Коом 0

Бишкек, 21.08.20. /Кабар/. Республика аймагында дезинфекциялоо иштери улантылууда, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Алсак, 2020-жылдын 20-август күнү өлкө боюнча 42 383 чарчы метр имараттардын ичи жана сырты, 210 350 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланган. Бул иш-чарага 93 куткаруучу тартылган.

- Чүй облусунунда 4 миң погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 20 литр хлор колдонулду;

- Талас облусунда 4 миң погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 15,6 литр хлор колдонулду;

- Ысык-Көл облусунда 1 миң 450 чарчы метр имараттын ичи-тышы дезинфекцияланып, 11 литр хлор колдонулду;

- Жалал-Абад облусунда 21 миң 983 чарчы метр имараттын ичи-тышы жана 161 650 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 798 литр суюк хлор колдонулду;

- Ош облусунда 18 миң 350 чарчы метр имарат жана 30 миң погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 195 литр суюк хлор колдонулду;

- Баткен облусунда 10 миң 700 погондук автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 23,3 литр суюк хлор колдонулду;

- Ош шаарында 600 чарчы метр имараттын ичи жана сырты дезинфекцияланып, ага 5,4 кг хлор колдонулду.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге: дүкөн, банк, базар, дарыкана жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө.

Учурда бул багыттагы иштер уланууда. Иш-чаралар өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий