• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ӨКМ: Республика аймагында дезинфекциялоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Республика боюнча коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 9-июнда өлкө боюнча 13 250 м2 имараттын ичи, 51 710 м2 имараттын сырты, жалпы 64 960 м2 аймак жана 64 745 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 72 куткаруучу тартылган.

Маселен,

Чүй облусунунда 17 400 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 40 кг хлор колдонулду;

Нарын облусунда 2360 м2 имараттын ичи, 420 м2 имараттын сырты жана 11 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 44 кг хлор колдонулду;

Талас облусунда 16 500 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 62 кг хлор колдонулду;

Ысык-Көл облусунда 800 м2 имараттын ичи, 1650 м2 имараттын сырты дезинфекцияланып, 10 кг хлор колдонулду;

Жалал-Абад облусунда 350 м2 имараттын ичи, 8538 м2 имараттын сырты жана 10 545 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 266 кг хлор, 3,5 литр суюк хлор жана 2 даана хлор таблеткасы колдонулду;

Ош облусунда 7793 м2 имараттын ичи, 8570 м2 имараттын сырты жана 12 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 52 кг хлор жана 2 литр суюк хлор колдонулду;

Баткен облусунда 697 м2 имараттын ичи, 1332 м2 имараттын сырты дезинфекцияланып, 2 кг хлор, 1 даана хлор таблеткасы колдонулду;

Ош шаарында 1250 м2 имараттын ичи, 1 500 м2 имараттын сырты дезинфекцияланып, 17,5 литр суюк хлор колдонулду;

Бишкек шаарында 13 700 м2 имараттын сырты дезинфекцияланып, 15,4 кг хлор колдонулду;

Залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө. Иш-чаралар министрдин тапшырмасынын негизинде аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий