• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Республика боюнча дезинфекциялоо иштери улантылууда

Коом 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. Республика боюнча коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-майда өлкө боюнча 21 085 чарчы метр имараттын ичи, 261 160 чарчы метр имараттын сырты, жалпы 282 245 чарчы метр аймак жана 471 366 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 162 куткаруучу тартылган.

Чүй облусунда 301 300 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 610 кг хлор колдонулду;

Нарын облусунда 2350 чарчы метр имараттын ичи, 9408 имараттын сырты жана 23 400 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 138 кг хлор колдонулду;

Талас облусунда 16 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 52 кг хлор колдонулду;

Ысык-Көл облусунда 4982 чарчы метр имараттын ичи, 161 140 чарчы метр имараттын сырты жана 34 500 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 197 кг хлор, 11 даана хлор таблеткасы колдонулду;

Ош облусунда 7400 чарчы метр имараттын ичи, 14 900 чарчы метр имараттын сырты жана 29 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 167 кг хлор колдонулду;

Баткен облусунда 1783 чарчы метр имараттын ичи, 8582 чарчы метр имараттын сырты жана 14 500 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 56 литр суюк хлор, 3 даана хлор таблеткасы колдонулду;

Ош шаарында 4570 чарчы метр имараттын ичи, 12 600 чарчы метр имараттын сырты дезинфекцияланып, 80 литр суюк хлор колдонулду;

Бишкек шаарында 54 530 чарчы метр имараттын сырты жана 52 666 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 247,5 хлор колдонулду.

«Залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө. Иш-чаралар министрдин тапшырмасынын негизинде аткарылууда”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий