• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ: Республика боюнча дезинфекциялоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. Республика боюнча коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 4-июнда өлкө боюнча 11 719 м2 имараттын ичи, 87 382 м2 имараттын сырты, жалпы 99 101 м2 аймак жана 97 600 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 94 куткаруучу тартылган.

Чүй облусунда 48 000 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 142 кг хлор колдонулду;

Талас облусунда 32 800 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 135 кг хлор колдонулду;

Ысык-Көл облусунда 2790 м2 имараттын ичи, 20 010 м2 имараттын сырты дезинфекцияланып, 40 кг хлор колдонулду;

Жалал-Абад облусунда 2460 м2 имараттын ичи, 4020 м2 имараттын сырты жана 5 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 175 литр суюк хлор колдонулду;

Ош облусунда 1600 м2 имараттын ичи, 4430 м2 имараттын сырты жана 6000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 44 кг хлор жана 14 литр суюк хлор колдонулду;

Баткен облусунда 3419 м2 имараттын ичи, 17 522 м2 имараттын сырты дезинфекцияланып, 45,6 литр суюк хлор, 2 даана хлор таблеткасы колдонулду;

Ош шаарында 1450 м2 имараттын ичи, 11 000 м2 имараттын сырты дезинфекцияланып, 11 литр суюк хлор колдонулду;

Бишкек шаарында 30 400 м2 имараттын сырты дезинфекцияланып, 41,1 кг хлор колдонулду;

Белгилей кетсек, залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий