• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Республиканын дарыяларында суунун деңгээли жогору

Коом 0

Бишкек, 10-май /Кабар/. 10-майда республиканын көпчүлүк дарыяларында суунун деңгээли 1-10 см көтөрүлгөн: Нарын дарыясында – 13-26 см, Жазы – 23 см. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Республиканын көпчүлүк дарыяларында суунун деңгээли жогорулап, 128-192%ды түзөт.

Ала-Арча, Чоң-Кайыңды, Талас, Күмүш-Тоо жана Кара-Кулжа дарыяларында 217-364% нормадан жогору.

Узун -Акмат, Чычкан, Тентек-Сай, Майлуу-Суу, Чангет жана Кара–Кулжа дарыяларында суунун чыгымы өзгөчө белгиге жакын.

Каракол, Ак-Суу, Чу жана Ак-Буура дарыяларында суунун агышы төмөндөп, 49-68% байкалган.

Токтогул суу сактагычына суунун агымы – 108%, Орто-Токойго – 68%, Киров суу сактагычына – 314%.

Пикир

Оставить комментарий