• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ӨКМ: республиканын тоолуу жолдоруна кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 13.01.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги республиканын тоолуу жолдоруна кар көчкү түшүүсү мүмкүн экендигин билдирди.

Ведомстовонун билдирүүсүнө караганда, 13нөн 16-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр автоунаа жолунун 61-85 чакырымдарында (Каракысмак капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий