• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ӨКМ: республиканын тоолуу жолдоруна кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 6-февраль /Кабар/. 2017-жылдын 6-мартынан 8-мартына чейин жаап өткөн, күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Республиканын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), 351-365-чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-110-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 65-97-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-9-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу, Ийри-Суу участкасынын 42-44чм), Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 289-291-297-298-чакырымдарында (Долон ашуусу), Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-10-чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 60-68-чакырымдарында (Барскоон, Сөөк ашуулары), кар күрткүсү жана көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Пикир

Оставить комментарий