• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Өрт өчүрүү унаа бузулуп калды деген маалымат жалган

Коом 0

Бишкек, 30.12.20. /Кабар/. Өрт өчүрүү унаа бузулуп калды деген маалымат жалган, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Ведомстводон өрт болгон жерге келгенден кийин, күжүрмөн даярдык жүргүзүлө тургандыгын билдиришти.

"Өрт учурунда штаттык бензин насосу иштебей калбасын деп, кошумча коюлган электрондук бензин насосун иштетиш үчүн өрт өчүрүү автоунаасы толук өчүрүлгөн. Электрондук бензин насосун которуу мезгилинде күжүрмөн эсеп өрт өчүрүү шаймандарын даярдыкка келтирүү жагы каралган. Ал бир мүнөткө жетпеген убакытты алган. Өрт өчүрүү кечиктирилген жок",- деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

ӨКМден маалымдашкандай, кун мурун, 29-декабрь күнү Cокулук райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №23 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн байланыш түйүнүнө Сокулук районунун Токбай айылында жайгашкан Окуу-тарбиялоо комлекси өрттөнүп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Аталган дарекке Сокулук райондук №23 ӨККБнөн 1 даана өрт өчүрүү техникасы тартылган. Жерине барган кезде окуу комплекси катуу күйүп жаткандыктан, жардамга Бишкек шаардык №6 ӨККБнөн 1 бөлүм жана №8 АӨККБнөн 1 бөлүм тартылган.

Имараттын бир тарабы жатакана, бир жагы ашкана болгон. Курулуш жеңил конструкциядан тургузулган, анын ичинде килем, керебеттер күйгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 700 чарчы метрди түзгөн.

“Өрттү өчүрүүдө өрт өчүрүүчү унаа бузулган эмес”, - деп билдирет Cокулук райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчилиги.

Пикир

Оставить комментарий