• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ: Сүлүктүдө жер кыртышы сүрүлүп, унаа жолду тосуп калган

Кырсык 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаарындагы Кызыл-Бел тилкесинде жер кыртышы сүрүлүп, унаа жолду тосуп калган. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн болжол менен саат 17:40 чамасында болгон. Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жок.

Унаа жолду тазалоо үчүн Кытай Эл Республикасынын жол куруучу компаниясынан атайын үч унаа тартылып, жол бир тараптуу ачылган.

ӨКМден кеч киргендигине байланыштуу жолду тазалоо иштери эртең улантыла тургандыгын кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий