• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ӨКМ: Саат 22:00гө карата Ала-Тоо аянтында өзгөчө кырдаалдар катталган жок

Коом 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) өрткө каршы күрөшүү кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, Бишкек шаарынын калкынын коопсуздугун камсыз кылууда. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, Ала-Тоо аянтында ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын 3-ӨКБ өздүк курамы абалды көзөмөлгө алып, жарандарга өрт коопсуздук эрежелерин сактоону эскертишүүдө.

Ошондой эле ӨКМ балдарды көзөмөлсүз калтырбоону эскертет. "Саат 22:00гө карата аянтта өзгөчө кырдаалдар катталган жок", - деп кошумчалашты министрликтин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий