• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ сел коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2021-жылдын 2-августунан 4-августуна чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, мөңгүлөрдөн башталган дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий