• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ӨКМ сел жүрүү коркунучуна байланыштуу билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 08.08.23. /Кабар/. КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) сел жүрүү коркунучуна байланыштуу билдирүү таратты.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, 7-8-августта туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Сел коркунучуна байланыштуу, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Белгилей кетсек, 7-августта кечинде кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу, Көчү, Корумду айылдарын каптаган. Учурда аталган айылдарда селдин кесепетин жоюу иштери аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий