• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

ӨКМ: Селекцияда өрт чыгып, турак үйдү каптап кетти

Кырсык 0

Бишкек, 20-июнь /Даниил Хашковский - Кабар/. Чүй облусундагы Сокулук районуна караштуу Селекция айылында өрт чыгып, аны өчүрүүгө атайын үч унаа тартылганын “Кабар” маалымат агенттигине ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Өрт дүкөндө чыгып, жанындагы турак үйдү каптап кеткен.

“Болжолдуу маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок. Учурда өрт толугу менен өчүрүлүп бүтө элек”,- деп билдирди ӨКМ.

Пикир

Оставить комментарий