• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ӨКМ: “Семетей” госпитализация пунктунда 400дөн ашуун орундук бош

COVID - 19 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан “Семетей” госпитализация пунктунда 400дөн ашуун орундук бош. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруу иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Рыспек Жолдошбаев билдирди.

“Бүгүнкү күнгө карата “Семетей” госпитализация пунктунда бейтаптарды дарылоо үчүн 600 орундук даярдалган болсо, анын ичинен 138де бейтаптар дарыланып жатат, калган 462 орундук бош. Буга чейин ӨКМ тарабынан аталган 600 орундуктардын ичи бардык шарттары менен даярдалган, ар бир бөлмөдө душ, санузел, керебет койдурулган. Ал эми жандандыруу бөлүмүндө 50 орундук бар болсо, учурда 31 оор абалдагы бейтап бар, калган 19 орундук бош”, - деди ал.

"Семетей" госпитализация пунктундагы иш-чараларды уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыздоо маселелерин чечүү аракеттери ӨКМ башчысы Замирбек Аскаровдун жеке көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий