• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: «Семетей» обсервациясындагы меджабдууларды сыртка ташып чыгышууда деген материал жалган

Коом 0


Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Социалдык тармактарда «Семетей» обсервациясындагы медициналык жабдууларды сыртка ташып чыгып жатышат деп жарыяланган видео материал чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, видеодогу жүк ташуучу унаа кампадагы жабдыктарды «Семетей» госпитализация пунктунун реанимациялык бөлүмү жайгашкан имаратка ташып бараткан. Кампада сипап деген кошумча дем алдыруучу аппараттар болгон. КР ӨКМдин кызматкерлери жабдууларды текшерип көрүп, реанимациялык бөлүмгө орноштуп беришкен.

«Учурда ошол аппараттарды медицина кызматкерлери колдонуп, жарандардын ден-соолугуна кам көрүп жатышат. Андыктан өлкөбүздөгү кыйын кырдаалды эске алып, жапа тырмак илдет менен күрөшүүнүн ордуна, жумурткадан кыр издеген жарандарыбызга билип-билбей туура эмес маалымат таратпоону суранабыз», - дейт ӨКМдин басма сөз кызматы.

Пикир

Оставить комментарий