• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ: Шайлоо участкаларында өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 21.09.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жер-жерлерде түшүндүрүү иштери улантылууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл, Чүй облустарындагы шайлоо участкаларында облустук башкармалыктар менен биргеликте коопсуздук иштерин алдын алуу максатында түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Мындан тышкары райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан “Өрт коопсуздук эрежелери боюнча” маалымат баракчалары таркатылууда.

Белгилей кетсек, өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде алдыдагы боло турган шайлоого карата жер-жерлердеги шайлоо участкаларында өрт коопсуздукту алдын алуу багытындагы иштерди күчөтүү тапшырмасы коюлган.

Пикир

Оставить комментарий