• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ӨКМ: Шайлоо тилкелеринде өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктар катталган жок

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Өлкө аймагындагы шайлоо тилкелеринде өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктар катталган жок. Бул тууралуу ӨКМдин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруу иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Ырыспек Жолдошбаев билдирди.

Анын айтымында, шайлоо тилкелериндеги өрт коопсуздугун камсыздоо максатында жалпысынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 2 миң 800дөн ашуун өрт өчүрүүчү жана 219 куткаруу техникасы тартылган.

Эскерте кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштөөгө өткөн.

Пикир

Оставить комментарий