• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Организмге ысык өткөрүүдөн сактануу сунушталат

Коом 0

Бишкек, 6-июль /Кабар/. 2017-жылдын 5-6-июлунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

7-9-июлунда абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу респуликанын дарыяларында суу ташкыны болушу ыктымал.

2017-жылдын 7-9-июлдарында кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда абанын күндүк орточо температурасы климаттык нормадан 6...8º жогору болуп, абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөндөрүндө түнкүсүн 20...25°, күндүз 37…42º жылуулукка чейин жогорулашы, тоо этектеринде түнкүсүн 18...23°, күндүз 33…38º чейин, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 15...20°, күндүз 30…35º, Ысык-Көл ойдуңунда чыгышында 33...38º жылуулукка, тоолуу райондордо жана Нарын облусунын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 10…15º, күндүз 32...37º, в Жумгал районунда 34...39º жылуулукка, бийик тоолордо түнкүсүн 5…10º, күндүз 20...25º жылуулукка чейин көтөрүлүшү күтүлөт.

Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактоо үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөө сунуш кылынат.

Айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КРнын ӨКМнин №02-34/473-Т телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КРнын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жеткирилген жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий