• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Шашылыш билдирүү

Коом 0

Бишкек, 8-май /Кабар/. 2017-жылдын 8-майында абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 121-128, 132-136-чакырымдары, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 222-250-чакырымдары, Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдары, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун (Барскоон жана Сөөк ашуусу) 60-68-чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Мындан тышкары, 2017-жылдын 8-9-майында Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу сел жүрүшү жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КРнын ӨКМнин 2017-жылдын 4-май күнү телефонограммалары чыгып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КРнын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жеткирилген жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий