• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Шашылыш билдирүү: көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Коом 0

Бишкек, 20-март /Кабар/. 2017-жылдын 20-мартында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чи (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чи (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), 351-365-чи (Көк-Бел ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-110-чу, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 65-97-чи, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-9-чу, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-94-чү (Кара-Көө ашуусу, Ийри-Суу участкасынын 42-44-чү, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 289-291-297-298-чи (Долон ашуусу), Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-10-чу, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чи (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 60-68-чакырымдарында (Барскоон, Сөөк ашуулары), кар күрткүсү жана көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл.

20-мартта Ысык-Көл облусунда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаап, кээ бир райондордо катуу жаашы күтүлөт, күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

20-мартта Чүй, Нарын облустарында түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КРнын ӨКМнин телефонограммалары чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КРнын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий