• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

ӨКМ: Шашылыш билдирүү

Коом 0

Бишкек, 9-март /Кабар/. 2017-жылдын 9-мартынан 11-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга, абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чи (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), 351-365-чи (Көк-Бел ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-110-чү Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 65-97-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-9-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу, Ийри-Суу участкасынын 42-44чм), Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 289-291-297-298-чакырымдарында (Долон ашуусу), Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-10-чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 60-68-чакырымдарында (Барскоон, Сөөк ашуулары) кар күрткүсү жана көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий