• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Сокулукта катуу шамал болуп, авариялык абалда турган мектептин чатырып учуруп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Сокулукта катуу шамал болуп, авариялык абалда турган мектептин чатырып учуруп кетти. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 18-майда болжол менен саат 23:30да Чүй облусунун Сокулук районундагы Күн-Туу айыл аймагынын Күн-Туу айылында ылдамдыгы болжол менен секундасына 16 метрге жеткен шамал катталган.

Шамалдын кесепетинен 2015-жылдан бери иштебей турган Б.Жамгырчинов атындагы орто мектебинин 250 м2 темир чатырын учуруп кеткен. Мектеп авариялык абалда болгон.

Жерине КР ӨКМдин Сокулук райондук бөлүм башчысы жана Жарандык коргону комиссиясы чыгып кеткен. Кошумча маалымат берилет.

Андан тышкары, кечээ катталган катуу шамал Базар-Коргон айылында көп кабаттуу турак үйдүн чатырын учуруп кеткен.

Маалым болгондой, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 18-май күнү саат 19:30 чамасында шамал катталып, Базар-Коргон айыл аймагынын Базар-Коргон айылындагы К.Бегимкулов көчөсүндө жайгашкан №2 көп кабаттуу турак үйдүн 12 даана темир чатырын учуруп кеткен. Кеңеш айыл аймагынын Совет айылындагы Ленин көчөсүнүн №34 дарегинде жайгашкан турак үйдүн чатырына дарак кулап, үйдүн шиферлерин сындырып кеткен. Учурда катталган катуу шамалдын ылдамдыгы такталууда.

Базар-Коргон райондук №78 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жеринде тактоо иштерин жүргүзүшүп, кулаган даракты коопсуз жайга жылдырып беришкен.

Пикир

Оставить комментарий