• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ӨКМ: “Сосновка” жана “Арал” постторунда унааларга чектөө киргизилди

Коом 0

Бишкек, 13.03.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунда түнкү саат 00:00гө чейин унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, "Сосновка" жана "Арал" постторунда ошондой эле Талас облусунун Талас районунун Өтмөк ашуусунда саат 12:00дөн тартып түнкү 00:00гө чейин унаалардын баардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.

Учурда жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы тарабынан жагдайга жараша унааларды белгиленген тартипте өткөрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий