• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ Сулайман-Тоодогу куураган чөптөрдү өрттөдү

Аймак 0


Бишкек, 20-июнь /Кабар/. ӨКМ кызматкерлери Ош шаарындагы “Сулайман-Тоодо” чоң өрттөрдүн алдын алуу максатында куураган чөптөрдү өрттөштү. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, музейдин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ӨКМге өрттүн чыгышына жол бербөө чараларын көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Учурда куураган чөптөрдү көзөмөлдөп өрттөө жүрүп жатат. Жагдайды өрт өчүрүү кызматынын адистери көзөмөлдөп турушат.

ӨКМ жай бою республикада өрт чыгуу коркунучу боло тургандыгын эскертишти.

(Сүрөт Ерлан Тургунбаевдики)

Пикир

Оставить комментарий