• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ: Сутка ичинде 163 куткаруучу имараттардын ичи-тышын дезинфекциялап чыкты

Коом 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Сутка ичинде 163 куткаруучу имараттардын ичи-тышын дезинфекциялап чыкты. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

ӨКМден билдиришкендей, республика боюнча коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө.

Залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде аткарылууда: дүкөн, банк, базар, дарыкана жана унаа жолдору. Иш-чаралар министрдин тапшырмасынын негизинде аткарылууда.

-2020-жылдын 18-май күнү өлкө боюнча 17 033 м2 имараттын ичи, 128 255 м2 имараттын сырты, жалпы 145 288 м2 аймак жана 365 569 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланды. Бул иш-чарага 163 куткаруучу тартылган.

Алсак;

- Чүй облусунунда 110 300 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 289 кг хлор колдонулду;

- Нарын облусунда 545 м2 имараттын ичи, 4635 имараттын сырты жана 41100 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 232 кг хлор колдонулду;

- Талас облусунда 19 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 63,5 кг хлор колдонулду;

- Ысык-Көл облусунда 3565 м2 имараттын ичи, 57 520 м2 имараттын сырты жана 6000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 226 кг хлор колдонулду;

- Жалал-Абад облусунда 4900 м2 имараттын ичи, 1918 м2 имараттын сырты жана 28 669 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 484 кг хлор, 115 литр суюк хлор жана 8 даана хлор таблеткасы колдонулду;

- Ош облусунда 4900 м2 имараттын ичи, 20 700 м2 имараттын сырты жана 69 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 549 кг хлор колдонулду;

- Баткен облусунда 1783 м2 имараттын ичи, 8582 м2 имараттын сырты жана 32 500 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 142 литр суюк хлор, 4 даана хлор таблеткасы колдонулду;

- Ош шаарында 1340 м2 имараттын ичи, 22 500 м2 имараттын сырты дезинфекцияланып, 22,5 литр суюк хлор колдонулду;

- Бишкек шаарында 12 400 м2 имараттын сырты жана 59 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 268,1 кг хлор колдонулду.

Пикир

Оставить комментарий