• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ӨКМ: Сутка ичинде 57,1 миң погондук метр унаа жол дезинфекцияланды

Коом 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 57 миң 100 погондук метр унаа жол дезинфекцияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 31-август күнү өлкө боюнча 13 миң 350 чарчы метр имараттар залалсыздандырылды. ӨКМ тарабынан жалпы 434 адамга ысык тамак-аш берилген.

"Ал эми "112" кызматына өткөн сутка ичинде жалпы 5 миң 636 чалуу катталып, анын ичинен 19у коронавирус боюнча болгон. Дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу жана госпиталда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (орундук, тамак-аш жеткирүү) ӨКМ тарабынан 96 кызматкер жана 10 унаа тартылган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий