• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Сутка ичинде 80 миң чарчы метр аянт дезинфекцияланды

Коом 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде өлкө боюнча 26 799 чарчы метр имараттын ичи, 52 266 чарчы метр имараттын сырты, жалпы 79 065 чарчы метр аймак жана 873 миң погондук автоунаа жолдор дезинфекцияланып. Бул иш-чарага 136 куткаруучу тартылган, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Алсак;

- Чүй облусунунда 500 чарчы метр имараттын сырты, 234 000 погондук унаа жол дезинфекцияланып, 425 кг хлор, 25 литр суюк хлор колдонулду;

- Нарын облусунда 2195 чарчы метр имараттын ичи, 740 чарчы метр имараттын сырты жана 45 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 205 кг хлор колдонулду;

- Ысык-Көл облусунда 450 чарчы метр имараттын ичи, 400 чарчы метр имараттын сырты жана 82 800 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланып, 146 кг хлор колдонулду;

- Жалал-Абад облусунда 9781 чарчы метр имараттын ичи, 22 869 чарчы метр имараттын сырты жана 77 800 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 200 кг хлор, 251 даана хлор таблеткасы жана 1180 литр суюк хлор колдонулду;

- Ош облусунда 7885 чарчы метр имараттын ичи, 6425 чарчы метр имараттын сырты жана 365 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 115 кг хлор жана 890 литр суюк хлор колдонулду;

- Ош шаарында 4000 чарчы метр имараттын ичи, 9300 чарчы метр имараттын сырты дезинфекцияланып, 9,3 литр суюк хлор колдонулду.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге; дүкөндөр, банктар, базарлар, даарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө.

Учурда бул багытта иштер уланууда. Иш-чаралар Өзгөчө кырдаалдар министри З.Аскаровдун тапшырмасынын негизинде аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий