• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Сутка ичинде 82 куткаруучу имараттардын ичи-тышын дезинфекциялап чыкты

Коом 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Өлкө боюнча сутка ичинде имараттардын ичи-тышын дезинфекциялоого 82 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында жүргүзүлгөн дезинфекциялоо иштери боюнча маалымат берип жатып ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 18-август күнү өлкө боюнча 43 740 чарчы метр имараттардын ичи-тышы, 113 400 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланган. Бул иш-чарага 82 куткаруучу тартылган.

Алсак, Чүй облусунунда 6 миң погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 20 литр хлор колдонулду;

Талас облусунда 44 миң погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 127,1 литр хлор колдонулду;

Ысык-Көл облусунда 2 030 чарчы метр имараттын ичи-сырты жана 2 400 погондук метр авто унаа жолдор дезинфекцияланып, 146 кг хлор колдонулду;

Жалал-Абад облусунда 21 300 чарчы метр имараттын ичи-сырты жана 9 миң погондук метр авто унаа жолдор дезинфекцияланып, 40 литр хлор колдонулду;

Ош облусунда 8 910 чарчы метр имараттын ичи-тышы жана 34 миң погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 283 кг хлор колдонулду;

Ош шаарында 11 500 чарчы метр имараттын ичи жана чырты, 18 миң погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланды.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге: дүкөн, банк, базар, дарыкана жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө.

Учурда бул багыттагы иштер уланууда. Иш-чаралар өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий