• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ сутка ичинде аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында өткөн сутка ичинде ӨКМ тарабынан аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат.

Ага ылайык, кечээ, 7-июнь күнү өлкө боюнча 35 миң 100 погондук метр автоунаа жолдор, 29 850 чарчы метр имараттар дезинфекцияланды.

Ошондой эле Бишкек шаарындагы жана региондордогу обсервацияда жайгаштырылган 2000 ден ашуун жаранга ӨКМ тарабынан 3 маал ысык тамак-аш берилди. Өлкө боюнча санитардык-карантиндик жана блок-постторго ӨКМ тарабынан 120 даана чатыр жана 52 даана бир бөлмөлүү, 7 даана эки бөлмөлүү мобилдик турак үй орноштурулган. 112 кызматына өткөн сутка ичинде жалпы 6 332 жолу чалуу катталып, анын ичинен 95 коронавирус боюнча чалуу түшкөн. Өлкөдө уюштурулган санитардык-карантиндик постторго, дезинфекциялоо жумуштарын аткарууга жана обсервацияда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (орундук, тамак-аш жеткирүү) ӨКМ тарабынан 455 кызматкер жана 21 унаа тартылган.

Пикир

Оставить комментарий