• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Сутка ичинде өлкө боюнча 134 882 чарчы метр аймак дезинфекцияланды

Коом 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Кечээ, 3-май күнү өлкө боюнча 30 181 чарчы метр имараттын ичи, 104 701 чарчы метр имараттын сырты, жалпы 134 882 чарчы метр аймак жана 284 800 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 150 куткаруучу тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 80 000 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 210 кг хлор колдонулду;

Нарын облусунда 2030 чарчы метр имараттын ичи, 2900 чарчы метр имараттын сырты дезинфекцияланып, 4 кг хлор колдонулду;

Ысык-Көл облусунда 2760 чарчы метр имараттын ичи, 49 800 чарчы метр имараттын сырты жана 6700 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланып, 6272 кг хлор колдонулду;

Жалал-Абад облусунда 4435 чарчы метр имараттын ичи, 15 007 чарчы метр имараттын сырты жана 59 700 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 282 кг хлор, 612,5 даана хлор таблеткасы жана 89 литр суюк хлор колдонулду;

Ош облусунда 14 125 чарчы метр имараттын ичи, 7940 чарчы метр имараттын сырты жана 39 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 295 кг хлор колдонулду;

Ош шаарында 3921 чарчы метр имараттын ичи, 6000 чарчы метр имараттын сырты жана 22 500 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 180 литр суюк хлор колдонулду;

Бишкек шаарында 82 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 343,5 кг хлор колдонулду;

Баткен облусунда 2910 чарчы метр имараттын ичи, 12 154 чарчы метр имараттын сырты жана 700 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 4 литр суюк хлор, 2 даана хлор таблеткасы колдонулду;

Талас облусунда 7200 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 44 кг хлор колдонулду.

“Залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылат. Дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө. Иш-чаралар министрдин тапшырмасынын негизинде аткарылууда”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий