• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ: Сутка ичинде өлкө боюнча 146 311 чарчы метр аймак дезинфекцияланды

Коом 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Кечээ, 4-майда өлкө боюнча 50 407 чарчы метр имараттын ичи, 95 904 чарчы метр имараттын сырты, жалпы 146 311 чарчы метр аймак жана 561 482 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 229 куткаруучу тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 108 000 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 319 кг хлор колдонулду;

Нарын облусунда 1802 чарчы метр имараттын ичи, 4730 чарчы метр имараттын сырты жана 70 400 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 370 кг хлор колдонулду;

Ысык-Көл облусунда 4370 чарчы метр имараттын ичи, 4065 чарчы метр имараттын сырты жана 13202 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланып, 354 кг хлор колдонулду;

Жалал-Абад облусунда 7050 чарчы метр имараттын ичи, 17 737 чарчы метр имараттын сырты жана 118 280 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 904 кг хлор, 194 даана хлор таблеткасы жана 707,5 литр суюк хлор колдонулду;

Ош облусунда 32 452 чарчы метр имараттын ичи, 36 650 чарчы метр имараттын сырты жана 96 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 295 кг хлор, 5 литр суюк хлор, 1000 даана хлор таблеткасы колдонулду;

Ош шаарында 2520 м2 имараттын ичи, 6000 чарчы метр имараттын сырты дезинфекцияланып, 60 литр суюк хлор колдонулду;

Бишкек шаарында 15 900 чарчы метр имараттын сырты, 75 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 304 кг хлор колдонулду;

Баткен облусунда 2213 чарчы метр имараттын ичи, 10 822 чарчы метр имараттын сырты жана 27 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 62 литр суюк хлор, 1 даана хлор таблеткасы колдонулду;

Талас облусунда 53 600 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 165 кг хлор колдонулду.

Өлкөнүн аймагы боюнча коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө.

Залалсыздандыруу жумуштарын баштоо алдында ӨКМдин өздүк курамы сапка тизилип, башчы тарабынан өздүк коопсуздук эрежелери,мерчемге ылайык дезинфекциялоочу жайлардын тизмеги жеткирилет. Буга чейин куткаруучулардын коопсуздугу биринчи орунда экенин жана жетекчилер түзмө-түз жооп берерин министр Замирбек Аскаров белгилеп өткөн.

Залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө. Иш-чаралар министрдин тапшырмасынын негизинде аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий