• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Сутка ичинде өлкө боюнча 27 миң погондук метр унаа жолу дезинфекцияланды

Коом 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Өлкө аймагында дезинфекциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-августта өлкө боюнча 26 550 м² имараттардын ичи-сырты, 27 400 погондук метр унаа жолу дезинфекцияланып, иш-чарага 53 куткаруучу тартылган.

Чүй облусунунда 15 000 погондук метр унаа жолу дезинфекцияланды;

Талас облусунда 10000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 34,5 кг хлор колдонулду;

Ысык-Көл облусунда 600 м² имараттын ичи-сырты дезинфекцияланып, 6 кг хлор колдонулду;

Жалал-Абад облусунда 5 480 м² ичи-сырты дезинфекцияланып 22 хлор таблеткасы колдонулду;

Ош облусунда 14 870 м² имараттын ичи-сырты дезинфекцияланып, 29 кг хлор колдонулду;

Баткен облусунда 2400 погондук метр унаа жолу дезинфекцияланып, 2,4 кг суюк хлор колдонулду;

Ош шаарында 5600 м² имараттын ичи-сырты дезинфекцияланып, 5,4 литр суюк хлор колдонулду.

Белгилей кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жөө жүрүү жана өрт өчүрүү унаалары менен аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий