• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Сутка ичинде өлкө боюнча 49 590 чарчы метр аймак дезинфекцияланды

Коом 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Республика боюнча коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 9-май күнү өлкө боюнча 11 460 чарчы метр имараттын ичи, 38 130 чарчы метр имараттын сырты, жалпы 49 590 чарчы метр аймак жана 370 500 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 82 куткаруучу тартылган.

Чүй облусунда 209 000 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 395 кг хлор, 210 литр суюк хлор колдонулду;

Нарын облусунда 560 чарчы метр имараттын ичи, 3580 чарчы метр имараттын сырты жана 12 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 67 кг хлор колдонулду;

Талас облусунда 4000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 20 кг хлор колдонулду.

Ош облусунда 7100 чарчы метр имараттын ичи, 3050 чарчы метр имараттын сырты дезинфекцияланып, 285 кг хлор, 70 литр суюк хлор колдонулду;

Бишкек шаарында 3800 чарчы метр имараттын ичи, 31 500 чарчы метр имараттын сырты, 145 500 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 371 кг хлор колдонулду.

«Залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө. Иш-чаралар министрдин тапшырмасынын негизинде аткарылууда”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий