• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ӨКМ: Сутка ичинде өлкө боюнча 75 401 чарчы метр аймак дезинфекцияланды

Коом 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Республика боюнча коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-майда өлкө боюнча 9773 чарчы метр имараттын ичи, 65 628 имараттын имараттын сырты, жалпы 75 401 чарчы метр аймак жана 144 800 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 99 куткаруучу тартылган.

Чүй облусунда 78 000 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 66 кг хлор колдонулду;

Нарын облусунда 1160 чарчы метр имараттын ичи, 2140 чарчы метр имараттын сырты жана 11 800 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 65 кг хлор колдонулду;

Ысык-Көл облусунда 1250 чарчы метр имараттын ичи, 35 200 чарчы метр имараттын сырты дезинфекцияланып, 52 литр суюк хлор колдонулду;

Жалал-Абад облусунда 1930 чарчы метр имараттын ичи, 1916 чарчы метр имараттын сырты жана 12 180 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 40 кг хлор, 115 литр суюк хлор, 212 даана хлор таблеткасы колдонулду;

Ош облусунда 1500 чарчы метр имараттын ичи, 2700 чарчы метр имараттын сырты дезинфекцияланып, 2 кг хлор колдонулду;

Баткен облусунда 2333 чарчы метр имараттын ичи, 10 272чарчы метр имараттын сырты жана 25 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 62 литр суюк хлор, 3 даана хлор таблеткасы колдонулду;

Ош шаарында 1600 чарчы метр имараттын ичи, 13 400 чарчы метр имараттын сырты жана 18 000 дезинфекцияланып, 400 литр хлор колдонулду;

“Залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, даарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө. Иш-чаралар министрдин тапшырмасынын негизинде аткарылууда”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий