• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ӨКМ: Сутка ичинде өлкө боюнча дээрлик 335 миң погондук метр унаа жолу дезинфекцияланды

Коом 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Республика боюнча коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 6-июлда өлкө боюнча 70 570 м2 имараттын ичи, 98 331 м2 имараттын сырты, 334 720 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 122 куткаруучу тартылган.

Чүй облусунда 26 700 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 170 литр хлор колдонулду;

Талас облусунда 88 520 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 80 кг хлор колдонулду;

Ысык-Көл облусунда 5050 м2 имараттын ичи, 29 456 м2 имараттын сырты жана 23 000 погондук авто унаа жолдор дезинфекцияланып, 116 кг хлор колдонулду;

Жалал-Абад облусунда 61 860 м2 имараттын ичи, 34 175 м2 имараттын сырты дезинфекцияланып 180,6 литр хлор таблеткасы колдонулду;

Ош облусунда 2 300 м2 имараттын ичи, 18 000 м2 имараттын сырты жана 47 000 дезинфекцияланып, 322 литр хлор колдонулду;

Баткен облусунда 41 500 погондук автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 163 литр суюк хлор колдонулду;

Ош шаарында 1 360 м2 имараттын ичи, 16 700 м2 имараттын сырты жана 18 000 дезинфекцияланып, 320 литр суюк хлор колдонулду.

Белгилей кетсек, залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий