• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Сутка ичинде өлкө боюнча жалпы 198 096 чарчы метр аймак дезинфекцияланды

Коом 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. Республика боюнча коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 11-май күнү өлкө боюнча 30 200 чарчы метр имараттын ичи, 167 896 чарчы метр имараттын сырты, жалпы 198 096 чарчы метр аймак жана 472 454 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 190 куткаруучу тартылган.

Чүй облусунда 250 чарчы метр имараттын ичи, 500 чарчы метр имараттын сырты жана 93 300 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 386 кг хлор колдонулду;

Нарын облусунда 4258 чарчы метр имараттын сырты жана 59 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 161 кг хлор колдонулду;

Талас облусунда 108 200 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 190 кг хлор колдонулду;

Ысык-Көл облусунда 6027 чарчы метр имараттын ичи, 27 800 чарчы метр имараттын сырты дезинфекцияланып, 583 кг хлор, 25 литр суюк хлор колдонулду;

Жалал-Абад облусунда 1840 чарчы метр имараттын ичи, 3438 чарчы метр имараттын сырты жана 27 503 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 430 литр суюк хлор, 29 даана хлор таблеткасы колдонулду;

Ош облусунда 17 540 чарчы метр имараттын ичи, 22 360 чарчы метр имараттын сырты жана 33 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 120 кг хлор колдонулду;

Баткен облусунда 1783 чарчы метр имараттын ичи, 8582 чарчы метр имараттын сырты жана 4321 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 13 литр суюк хлор, 2 даана хлор таблеткасы колдонулду;

Ош шаарында 1350 чарчы метр имараттын ичи, 8400 чарчы метр имараттын сырты дезинфекцияланып, 8,4 литр суюк хлор колдонулду;

Бишкек шаарында 1500 чарчы метр имараттын ичи, 46 200 чарчы метр имараттын сырты жана 119 330 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 411,5 хлор колдонулду.

«Залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө. Иш-чаралар министрдин тапшырмасынын негизинде аткарылууда”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий