• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Сууга чөгүп кеткен 15 жаштагы эки өспүрүмдүн сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Сууга чөгүп кеткен 15 жаштагы эки өспүрүмдүн сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Жел-Арык айылындагы көлмөгө 15 жаштагы бала чөгүп кеткен.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн төрт куткаруучу тартылып, саат 19:35те өспүрүм баланын сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Андан тышкары, күн мурун, 9-августта Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылындагы чакан ГЭСке 15 жаштагы өспүрүм бала чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн жалпы беш куткаруучу тартылып, бүгүн таңкы саат 7:00дө маркумдун сөөгүн таап, укук коргоо кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий