• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Сууга чөгүп кеткен үч адамды издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Өлкө боюнча сууга чөгүп кеткен үч адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 15-август күнү «Теплые ключи» эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 1994-жылы туулган кыз түшүп кеткен. Күн мурун издөө иштерин улантуу максатында министрликтен 27 куткаруучу тартылган. Бирок натыйжа болгон эмес. Издөө иштери бүгүн улантылат.

Андан тышкары, Жайыл районунда 26-август күнү Сары-Булак айылында каналга 2017-жылы туулган кыз түшүп кеткен. Кечээ 13 куткаруучу издөө иштерин жүргүзгөн. Натыйжа болгон эмес.

Ошондой эле Нарын облусундагы Чу дарыясына чөгүп кеткен 2013-жылы туулган баланы издөө иштери уланууда. Кырсык үстүбүздөгү жылдын 7-августунда катталган.

Пикир

Оставить комментарий