• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ӨКМ: Сууга чөгүп кеткен эки адамды издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Өлкө боюнча сууга чөгүп кеткен эки адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 15-август күнү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы "Теплые ключи" эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 26 жаштагы кыз түшүп кеткен. Буга чейинки издөө иштери жыйынтык бере элек.

7-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен жалпы 15 куткаруучу тартылган.

Бүгүн, 8-сентябрда издөө иштери улантылууда.

Мындан тышкары, 7-август күнү Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында Чу дарыясына 7 жаштагы бала чөгүп кеткен. Буга чейинки издөө иштери натыйжа берген эмес.

Бүгүн жерине издөө иштерин улантуу максатында куткаруучулар тартылып, издөө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий