• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Сууга чөгүп кеткен эки адамды издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 06.09.20. /Кабар/. Өлкө боюнча сууга чөгүп кеткен эки адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 15-август күнү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы "Теплые ключи" эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 26 жаштагы кыз түшүп кеткен. Буга чейинки издөө иштери жыйынтык бере элек.

Бүгүн, 6-сентябрь издөө иштерин улантуу максатында ӨКМден саат 07:30да жалпы 16 куткаруучу тартылып, издөө жүрүүдө.

Мындан тышкары, 7-август күнү Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында Чу дарыясына 7 жаштагы бала чөгүп кеткен. Буга чейинки издөө иштери натыйжа берген эмес.

Бүгүн жерине издөө иштерин улантуу максатында саат 08:30да куткаруучулар тартылып, издөө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий