• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ӨКМ: Сузак районунда өрт коопсуздугун алдын алуу аракеттери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда өрт коопсуздугун камсыздоо, алдын алуу аракеттери уланууда, - деп билдирет КР ӨКМдин маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, бул жолу мүмкүнчүлүгү чектелген жана карылар үйүнүн жашоочуларына, ошондой эле кызматкерлерине өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө КР ӨКМнин Сузак райондук №59 ӨК-КБнүн өздүк курамы өрт чыккан учурда эвакуациялоону туура уюштуруу, авариялык-куткаруу кызматтарын чакыруу жана өрт өчүрүүчү алгачкы шаймандарды колдонуу ыкмалары тууралуу эскертмелер берилди.

Пикир

Оставить комментарий