• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Сузакта 14 жаштагы бала дайынсыз болууда, куткаруучулар издөө иштерин баштады

Кырсык 0

Бишкек, 02.05.21. /Кабар/. Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Төбөй айылында 14 жашар бала дайынсыз болууда. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, бала үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген, анын кол телефону Төбөй айылын аралап өткөн каналдын жээгинен табылган.

Каналга түшүп кетти деген божомол менен баланын туугандары жардам сурап ӨКМге кайрылышкан. Баланы издөөгө 4 куткаруучу, 3 куткаруучу-суучул, 1 техник айдоочу жеке автоунаа менен саат 22:21де чыгышкан.

Пикир

Оставить комментарий