• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ӨКМ: Сузакта жер көчкүнүн сүрүлүүсү байкалды

Аймак 0

Бишкек, 14-март /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2017-жылдын 13-март күнү саат 08:00 чамасында Кызыл-Туу айыл аймагынын Соку-Таш айылында адырда жер көчкүнүн сүрүлүүсү байкалган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

КР ӨКМнин райондук бөлүмүнүн башчысы, КР ӨКМнин Мониторинг департаментинин башкы адиси 2017-жылдын 13-март күнү жерине барып тактоо иштери жүргүзүлүп, натыйжада жантаймада эки жеринен жер көчкү сүрүлгөндүгү аныкталган. 1-жер көчкүнүн көлөмү болжол менен 84 000 м3, 2-жер көчкүнүн көлөмү 480 000 м3 түзөт. Жакын жайгашкан 10 турак-жайга кооптуу абал жаралган, анын ичинен 2 турак-жайга болжол менен 250 метр аралык калган.

Жакын аралыкта жайгашкан 2 турак-жай мыйзамсыз түрдө курулгандыгы аныкталып, калган 8 турак-жайдын ээлери 1994-жылы мамлекет тарабынан жер тилкелерин жана ссудаларды алышкан. Бирок, тилекке каршы ушул күнгө чейин кооптуу аймакта жашапкелишет.

Адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин алдын алуу максатында Кызыл-Туу айыл аймагынын башчысына жана Соку-Таш айылынын айыл башчысына кооптуу аймакта жашаган адамдарды башка коопсуз жерге көчүрүп чыгаруу боюнча эскертме берилди.

Пикир

Оставить комментарий