• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөт: 1-марттан тарта чек арадан ID-карта менен өтүүгө убактылуу тыюу салынат

Өкмөт 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. 2020-жылдын 1-мартынан тарта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан ID-карта менен өтүүгө убактылуу тыюу салынат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны учурунда маалымдалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Бул чара республиканын жарандарынын коопсуздугун сактоо жана өлкө чек арасынан өткөрүүнүн учурдагы абалын көзөмөлдөөнү күчөтүү максатында киргизилүүдө. Кечээ жана бүгүн мамлекеттик чек арадан эпидемиологиялык кырдаал начар болгон өлкөлөрдөн Москвага келгенин жашырып, ID-карта менен өтүүгө аракет жасаган кыргызстандыктар аныкталды. Алардын бардыгы карантинге алынды.

Республикалык штаб өлкө жарандарын жоопкерчиликке үндөп, ден соолукка, коопсуздукка жана жарандардын бакубатчылыгына олуттуу коркунучтарды алып келген аракеттерге барбоого чакырат.

Республикалык штабдын мүчөлөрү кыргызстандыктарга эл көп чогулган жерлерден оолук болууну сунуш кылат жана өздүк гигиенаны сактоонун зарлыдыгын эскертет.

Ошондой эле республикалык штаб жарандарды ар кандай сөздөргө эмес, тармактык мамлекеттик органдардын расмий билдирүүлөрүнө гана ишенүүгө чакырат. Коомчулукту дүрбөлөңгө салып, жалган маалыматтарды социалдык түйүндөр жана мессенджер аркылуу тараткандарга катаал чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий