• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөт 16 туристтик объектини ыкчам башкарууга өткөрүп берүүгө даяр

Коом 0

Бишкек, 15.01.19 /Кабар/. Кыргызстанда туристтик обьектилерди инвентаризациялоонун негизинде 16 объект табылган жана алар ыкчам башкарууга өткөрүп берилүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн вице-премьер-министр Алтынай Омурбекова парламент жыйында билдирди.

Мамлекет ыкчам башкарууга өткөрүп берүүгө даяр болгон обьектилер негизинен маданий жана тарыхый эстеликтери бар эс-алуучу жайлар.

Алар: "Сулайман-Тоо-2", "Бурана" мунарасы, "Ак-Бешим", "Таш-Рабат" комплекси, "Жомок" капчыгайы, "Өлүк-Көл" жана "Өзгөн" мунарасы, деп кабарлайт maral fm.

«Кыргызтуризм» эс алуу жайлардын жакшы иш алып барышы үчүн жана экономикалык иш-аракеттери үчүн жооп бере турганын Өмүрбекова кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий