• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өкмөт 2017-жылга «Бизнес жүргүзүү» рейтингинде Кыргызстандын абалын жакшыртуу чараларын талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 12-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-апрелде «Бизнести жүргүзүү» (Doing Business) эл аралык рейтингинде Кыргызстандын абалын жакшыртуу чаралары боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жыйында 2017-жылы «Бизнести жүргүзүү» эл аралык рейтингинде Кыргызстандын абалын жакшыртуу боюнча ушул жылдын январь айында кабыл алынган иш чаралардын Планын аткаруу маселелери талкууланды.

«Эл аралык рейтингдерде Кыргыз Республикасынын ээлеген ордун жакшыртуу абдан маанилүү, анткени ал инвестициялардын мүмкүнчүлүгүнө жана түз инвестициялардын агымына түздөн-түз таасирин тийгизет», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери өздөрүнүн мамлекеттик органдарынын багыты боюнча 2017-жылдагы Пландын иш жүзүнө ашырылышы тууралуу толук маалымат беришти.

Кыргызстандын жалпы рейтингинде маанилүү көрсөткүч болуп саналган «Электр түйүндөрүнө кошулууну жакшыртуу», «Салык салуу», «Контрактын аткарылышын камсыздоо», «Төлөөгө мүмкүнчүлүктүн жоктугун чечүү» жана «курулушка уруксат алуу» сыяктуу маселелерди ишке ашыруу чаралары талкууланды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине 2017-жылга болгон пландын алкагында иш-чараларды ишке ашыруу боюнча комплекстүү тапшырмаларды алып, өлкөдө бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган тапшырмаларды берди.

Улуттук энергетикалык холдинг компаниясына «Бирдиктүү терезе» системасын тез арада иш жүзүнө ашыруу маселесин чечүү тапшырылды.

Өкмөт башчы мамлекеттик органдардын жетекчилери иш аткарбагандыгы үчүн жеке жооп берет деп эскертти. Кыргызстан “Doing Business” рейтингинде абалын жакшыртууга арналган жолугушуу, ал 2017-жылга “Бизнести жүргүзүү” рейтингинде иш-аракеттер Планын аткаруу боюнча абалын жакшыртуу үчүн өлкөнүн министрлик менен мекемелердин ишин мониторинг жана талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча квартал сайын жыйын өтүп турат.

Бүгүнкү күндө Дүйнөлүк банктын акыркы маалыматына ылайык, Кыргызстан 190 өлкөнүн ичинен Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстандан кийинки (35-орун) 75 орунду ээлейт.

Пикир

Оставить комментарий