• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөт 2017-жылга республикалык бюджетти өзгөртүүгө ниеттенүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 31.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга карата долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү» тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун жактырды. Тиешелүү чечим кечээ, 30-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун төрагалыгы астында өткөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга карата долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору тууралуу финансы министри Адылбек Касымалиев маалымат берди.

«2017-жылы ИДП өсүү темпи 3,5% болору күтүлүүдө, ал эми бекитилген өсүү көрсөткүчү 2,9%. 2017-жылы гранттарды эске алуу менен мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешесинин көлөмү 156 056,5 млн. сом же, 31,6%.

2018-2019-жылдарга республикалык бюджеттин кирешелери 142 581,9 млн. сомду түзөт, көрсөтүлгөн талап 142 129,8 млн. сом», — деди ал.

Финансы министри Адылбек Касымалиев билдиргендей, 2017-жылга жалпы чыгашалардын көлөмү 177 121,4 млн. сом (35,8% ИДПга) жетери күтүлүүдө.

«2017-жылы республикалык бюджеттин жалпы чыгаша бөлүгү 162 326,8 млн. сом (35,8% ИДПга), бул 12 176,3 млн. сомго бекитилген суммадан жогору болуп саналат. 2017-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 21 064,8 млн. сомду түзүп, ИДПга4,3 % болот », — деди финансы министри Адылбек Касымалиев.

Талкуунун жыйынтыгында айтылган сындарды эске алуу менен «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга карата долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү» тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун жактыруу чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий