• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өкмөт 2018-2022-жылдарга туруктуу өнүгүүнүн 5 жылдык программасын иштеп чыгуу боюнча иштеп жатат

Өкмөт 0

Бишкек, 26-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2018-2022-жылдарга туруктуу өнүгүү беш жылдык программасын иштеп чыгуу боюнча иштеп жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов бүгүн, 26-апрелде «Баа берүү аркылуу дүйнөгө кайра: Биз түзө турган жакшы келечек үчүн өнөктөштүк жана ага катышуу» атылышындагы III Глобалдык форумдун ачылышында билдиргенин Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

«2015-жылдын сентябрь айында Нью-Йоркто өткөн БУУнун башкы ассамблеясынын 70-сессиясында жана туруктуу өнүнүү боюнча БУУнун Саммитинде, кыргыз тарап БУУнун бардык мүчөлөрү менен бирге, алдыдагы 15 жылда дүйнөлүк биримдикке багыт бере турган «Биздин дүйнөнүн калыптанышы: Күн тартибинде 2030-жылга чейинки туруктуу өнүгүү камтылган» атылышындагы даярдалган документти жактырган.

Аталган маселени биргеликте ишке ашыруу менен мындан аркы өнүгүүгө, биздин өлкөдөгү жана дүйнө жүзүндөгү калктын жакшы жашоосуна шарттарды түзүүгө болот», – деди ал.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-жыйынында, Кыргыз Республикасы өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын жана артыкчылыктарды эске алып, улуттук денгээлде аны ишке ашыруу үчүн колдо бар ресурстарды жана мүмкүнчүлүктөрүн, пайдаланууга 2030-жана ага чейин Эл аралык өнүктүрүү боюнча колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдиргендигин кошумчалады.

«Туруктуу өнүгүү багытында Кыргыз Республикасы тарабынан кабыл алынган эл аралык милдеттемелер биз үчун приоритеттүү болуп саналат. Аны менен бирге учурда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2040-жылга чейин туруктуу өнүгүү боюнча узак мөөнөттү Стратегияны демилгеледи. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган документти ишке ашырууга активдүү катышат. 2040-жылга чейин туруктуу өнүгүү боюнча узак мөөнөттү Стратегиянын биринчи этабы катары 2018-2022-жылдарга туруктуу өнүгүү беш жылдык программасы иштелип чыгууда», – деди ал.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов жыйында улуттук артыкчылыктарды эске алуу менен, анын ичинде ар түрдүү өлкөлөрдү туруктуу өнүктүрүү боюнча мониторинг жүргүзүү тутумун куруу маселеси боюнча анын мүчөлөрү менен пикир алмашуу болуп, ошондой эле 2030-жылга чейинки мезгилге карата коюлган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу багытында кеңири талкуу болоруна ишеним артарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий