• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөт: 2018-жылы жарандардан 9 миңге жакын кайрылуу келип түшкөн

Өкмөт 0

Бишкек, 10.01.19. /Кабар/. 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жарандардан 5 986 кат түрүндө жана 2 989 оозеки кайрылуу келип түшкөн, анын ичинде:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан – 531 (8,87 %);

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен – 763 (12,74 %);

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасынан – 1 299 (21,70 %);

- электрондук кайрылуулар – 1 341 (22,40 %);

- КМШга мүчө-мамлекеттерден жана алыскы чет өлкөлөрдөн – 65 (1,08 %).

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасында 274 жаран жеке маселеси боюнча кабыл алынган.

2017-жылга салыштырмалуу кайрылуулардын саны 794кө көбөйгөн (15,3 %). Бул электрондук кайрылуулар боюнча интернет-сайттардын ишке киргизилиши жана бийлик органдарына карата жарандардын ишеним деңгээлинин жогорулашы менен түшүндүрүлөт.

Белгилей кетсек, кайрылуулар республиканын бардык аймактарынан келип түшөт. Кайрылуулар, арыздар жана сунуштардын көп бөлүгү Бишкек шаарынын тургундарынан – 2 233 (37,30 %), андан соң Чүй облусунан – 1 005 (16,78 %) жана Жалал-Абад облусунан 662 (11,06 %) келип түшкөн.

Кайрылуучулардын негизги бөлүгү – пенсия курагындагы кары адамдар жана башка социалдык жактан корголбогон жарандар болуп саналат. Алар тараптан козголгон кайрылуулардын темасы кеңири саналып, жашоонун бардык тармактарына тийиштүү саналат.

Алардын ичинен негизги сегиз топту бөлүп көрсөтсө болот, атап айтканда:

- турак-жай маселеси - 954 (15,94 %);

- социалдык кызматтардын иши, пенсиялар, жеңилдиктер, жөлөкпулдар жана материалдык көмөк көрсөтүү тууралуу кайрылуулар - 563 (9,4 %);

- прокуратура маселеси - 378 (6,31 %);

- билим жана илим маселеси - 368 (6,14 %);

- Ички иштер министрлигинин маселеси - 287 (4,79 %);

- жеке кабыл алуу - 266 (4,44 %);

- курулуш, архитектура, турак-жай жана коммуналдык чарба маселеси - 252 (4,21 %);

- саламаттык сактоо маселеси - 237 (3,96 %).

Жарандардын айрым кайрылуулары боюнча Кыргыз Республикасынын министрлик жана ведомстволорунда кат ээлери тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөрдү иликтеп чыгуу жана келтирилген фактыларды текшерүү үчүн жумушчу топтор түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий